Жоокерлерибиз антка-шертке туруктуулугун көрсөткөн. Жапаров "афганчыларга" кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жазылуу
Афганстан согушуна жети миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышып, алардын 300гө жакыны өлүмгө тике карап, баатырларча курман болгон.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылган күнүнө карата бүгүн, 15-февралда, "афганчыларга" кайрылуу жолдоду.
Өлкө башчы 10 жылга чукул созулган согушта интернационалист жоокерлердин арасында миңдеген кыргызстандыктар да болгонун, алардын антка-шертке туруктуулугун, тайманбастыгын белгилеген.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан кайрылуусунун текстин төмөндө толук беребиз.
"Урматтуу мекендештер жана Афганистан согушунун ардагерлери! Жолдош жоокерлер жана офицерлер!
Биз жыл сайын 15-февралды Советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылган күнү жана анда курман болгондорду эскерүү, афган согушунун ардагерлерине урмат көрсөтүү күнү катары белгилеп келебиз.
Мындан 34 жыл илгери СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Түркстан аскердик округунун 40-армиясынын башчысы, генерал-лейтенант Борис Громовдун "Термез" чек ара постунда: "Менин артымда бир дагы советтик жоокер, офицер, прапорщик жок. Бул жерде болгон тогуз жылдык согуш аяктады", — деп айткан сөзү эсибизде.
Он жылга чукул созулган согушта интернационалист жоокерлердин арасында миңдеген кыргызстандыктар да болгон. Алар аскердик антка бекем туруп, Афганистан согушунда эбегейсиз эрдик, эстен чыккыс баатырдык менен салгылашып, эң мыкты касиеттерин – мекенчилдигин, антка-шертке туруктуулугун, тайманбастыгын таасын көрсөтүшкөн. Афганистандагы жоокерлердин каармандыгы азыркы Мекен коргоочуларына Ата журтка берилгендиктин, өз милдетине так жана аскердик антка бекем туруунун үлгүсү катары кызмат кылат!
Урматтуу мекендештер!
Афганистан согушуна жети миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын 300гө жакыны өлүмгө тике карап, баатырларча курман болгон. 1 500 аскер жарадар болсо, төрт жоокердин дайыны чыкпай калды. Бул жөнөкөй сандар эмес, ар бир сан ар бир жоокердин – ар бир мекендешибиздин тагдыры! Биз муну эч качан эстен чыгарбашыбыз зарыл!
Майдан талаасында көрсөткөн эрдиги үчүн 247 мекендешибиз СССРдин мамлекеттик жогорку сыйлыктары менен сыйланган. Биздин жердештерибиз кенже сержант Юрий Исламов менен капитан Сергей Гущин Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Ошол кан күйгөн согуштун бардык азап-тозогун баштан кечирген жоокерлер, жалындаган уулдарынан ажыраган ата-энелер жана жалпы Кыргызстан эли Афганистан согушун эч качан унутпайт! Арадан канча мезгил өтсө дагы алардын каармандыгы кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!
Афганистан согушунун урматтуу ардагерлери!
Кан майданда катаал сыноолордон өтүп, топтогон мол тажрыйбаңарды мындан ары дагы өлкөнүн тынчтыгы менен бакубаттыгына жумшаарыңарга терең ишенем! Мекенге чеп, душманга сүр болуп, кийинки муундарга дем берип жүрө бериңиздер. Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!".
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун.аскерлери Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагында. 1980-жыл январь айынын башы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Афганистан, сени эстесем жүрөк сыздайт... Кан кечкен согуш ардагерлеринин баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0