Мен "ГАИшник" эмесмин, кыйкырбаңыз! Татиков Мадумаровго тиш кайрап, тил укту

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Адахан Мадумаров. Архив
Депутат Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Жазылуу
Парламентте кредиттик макулдашууну ратификациялоо долбоору каралып жатат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков депутат Адахан Мадумаровго каяша айтам деп тил укту.
Өкмөт мүчөлөрү Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 17 миллион евро каражат алуу боюнча макулдашууну ратификациялоо үчүн парламентке алып келген. Анын 14 миллион евросу кредит, калганы грант болгон.
Мадумаров мурда "откат" деген жүйө менен эсепке албай койгон учурлар болгонун айтып, кредит катары алынчу 14 миллион евро жалпы карыздын суммасына кошулабы деп сураган.
"Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, сиз "откат" деп туура эмес айтып жатасыз. Өзүңүз үч жолу депутат болдуңуз, анын арасында спикер дагы болдуңуз. Кредиттер ошондо дагы алынган, шарттарын сиз дагы билесиз", — деди Татиков.
Андан соң экөө кайым айтышты:
Мадумаров: — Өкмөт башчыңар баш болуп эле бир нерселерди айтып коёсуңар да, мен үч жолу эмес беш жолу депутат болдум, бул жалпы карыздын ичине киреби деп сурап жатам.
Татиков: — Кредиттердин баарына спикерлер дагы кол коёт, ошон үчүн сиз да мурда алдыңыз.
— Мен төө десем бээ деп атасың да, айланайын...
— Мен улууларды урматтайм, бирок сиздин деле кемсинте бергениңиз жаман.
— Калган сумманы Кыргызстан кошо төлөйбү деп сурап жатам. Банк өзүнө алып калып аткан акча жалпы карыздын суммасына киреби же кирбейби?
— Кирет.
— Ошол албаган акчаны кайра биз кайрып беребизби?
— Шарт боюнча беребиз.
— Мына "жебеген самсага пул төлөйбүз" деген ушул. Экинчиден, Руслан мырза, мен "ГАИшник" эмесмин, антип кыйкырбаңыз. Түшүндүңүзбү?! Бул жерге келгенде мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаңыз. Маалыматты так билбегенден кийин оозго келген нерсени сүйлөбөңүз.
Ал арада залда отурган депутаттар дагы аткаминердин каяша сүйлөбөшүн талап кылып кыйкырышты.
Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Татиковду "сиз айтышканы келдиңизби?" деп тилдеп, суроого жөн жооп беришин талап кылды. Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, тартипке чакырып коюуга үндөдү.
Абытов экинчи мындай кайталанбай турганын убадалап, Татиков туура эмес мамиле кылганын моюндады. Президенттин өкүлү ошого карабай депутаттардан кредитти колдоп беришин суранды.
Натыйжада эл өкүлдөрү кредиттик макулдашууну бир добуштан жактырышты.
Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жылды жыйынтыктаган жыйыны учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
"Өзүм чуркап барып жооп бергим келди". Руслан Татиков президенттен тил укту
Жаңылыктар түрмөгү
0