Ашказанына кокаин "катып" келген кыргызстандык аэропортто кармалды. Видео

Жазылуу
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат Германиядан Кыргызстанга Түркия аркылуу транзит менен кокаин баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюу боюнча узакка созулган атайын операциясы ийгиликтүү болгонун билдирди.
Милиция кызматкерлери Европа биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргызстанга баңгизаттарды жеткирүү каналын жөнгө салууга аракет кылып жаткан белгисиз адамдар боюнча маалыматты текшеришкен.
Маалыматта кармалган эркек кишинин 37 жашта экени айтылды.
"Кармалган жарандын ашказанын кароодо медициналык кол каптарга оролгон баңгизат табылды. Жалпы салмагы 300 граммды түзгөн 50 даана контейнер алынган. Соттук-химиялык экспертиза бул зат кокаин баңгизаты экендигин аныктаган. Т.В. аттуу бул жаран Германиядан кокаин сатып алып, аны Кыргызстандын аймагында сатууга аракет кылган", — деп билдирди маалымат кызматы.
ИИМден баңгизаттын бул түрү Кыргызстанда биринчи жолу ири өлчөмдө табылып жатканын, анын бир граммы "көмүскө базарда" 500дөн 2000 долларга чейин турарын айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0