Төрага Шакиев баштаган 9 депутат Кореяга иш сапары менен кетти

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖК төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив
ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2023
Жазылуу
Эл өкүлдөрү ал жакта жүргөн мекендештер менен да жолугушат.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Кореяга расмий иш сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё баштаган жетекчилер менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештер менен да баарлашып, Кореядагы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен да таанышары айтылды.
Делегациянын курамында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов жана Алишер Эрбаев бар.
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарына барганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарованы Будапешт кандай тосуп алды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0