АКШ конгрессчилери Кытай менен теңтайлаштык боюнча атайын жыйын өткөрөт

© AP Photo / Mark SchiefelbeinАКШнын жана Кытайдын желектери. Архив
АКШнын жана Кытайдын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2023
Жазылуу
АКШ менен Кытайдын мамилеси аэростат атып түшүрүлгөндөн кийин ого бетер салкындап кетти.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. АКШнын эл өкүлдөр палатасынын эл аралык мамилелер боюнча комитети Кытай менен теңтайлаштык боюнча атайын жыйын өткөрөрү маалым болду. Бул тууралуу комитет башчысы Майкл Макколго таянып РИА Новости билдирди.
Макколдун билдирүүсүндө Кытай боюнча биринчи жыйын келе жаткан шейшембиде өтүп, анын темасы "Кытай компартиясынын муундарга жараткан коркунучтары менен күрөшүү" болорун айтышты. Бул жаатта сүйлөгөндөрдүн тизмесине мамлекеттик департаменттин, Финансы министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү кирген.
АКШ менен Кытайдын мамилеси Американын кургактыгынын көп жеринен учуп өткөн аэростат атып түшүрүлгөндөн кийин ого бетер салкындап кетти.
Штаттар бул объект чалгынчылык миссияны аткарды десе, Кытайдын Коргоо министрлиги АКШнын мындай чечимине нааразылыгын билдирип, ал жарандык метеозонд экенин айткан.
Американын Соода министрлиги буга жооп кылып Кытайдын жети юридикалык компаниясын кара тизмеге киргизген. Вашингтондун пикирине караганда, алар кытайлык аэрокосмостук тармакты өнүктүрүүгө, анын ичинен аэростатты түзүүгө көмөктөшүп келет. Пекин мындай кадамга жооп болорун убада кылган.
Америкалык истребител F-16 Fighting Falcon. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Американын асманындагы тиреш: NORAD чет планетадагыларды да жокко чыгарбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0