Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алимов: үйлөрдү жылуулоо үчүн субсидияларды берүү керек

© Фото / из личного архива Кубанычбека АлимоваJIA бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика боюнча комитетитинин төрагасы Кубанычбек Алимов
JIA бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика боюнча комитетитинин төрагасы Кубанычбек Алимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Жазылуу
JIA бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика боюнча комитетитинин төрагасы Кубанычбек Алимов ар бир жаран жашыл энергияны колдонууга өтүп, жоопкерчиликти алышы керектигин айтты.
Үйлөрдү жылуулоо үчүн субсидияларды берүү керек. Анткени үйлөр менен имараттар жылууланбагандыктан электр энергиясы аябай коромжу болуп жатат. Бул тууралуу Кубанычбек Алимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Алимов: үйлөрдү жылуулоо үчүн субсидияларды берүү керек
Анын айтымында, энергияны үнөмдөө боюнча ишкерлерди окутуу керек.
"Бишкектеги ыштан арылуу үчүн комплекстүү иштер жасалышы кажет. Ага карата бизнес да сунуштарын берип, көйгөйдү чечүүнүн жолун сунуштап жатат. Мисалы, энергияны үнөмдөө боюнча ишкерлерди окутуу, субсидияларды берүү, "жашыл чечимдерге" өтүү боюнча демилгелер бар. Үйлөр менен имараттар жылууланбагандыктан электр энергиясы аябай коромжу болуп жатат. Муну түшүнбөгөндөр тамын жылытуу үчүн көмүрдү, ар кандай таштандыларды көп керектей беришет. Натыйжада жаңы конуштардагы абанын сапаты бир топ начар болууда. Маалыматтык компаниянын жетиштүү деңгээлде болбой жатканы да маселе жаратып келет. Ар бир жаран экологияны сактоого катышып, ошол жоопкерчиликти сезиши керек", — деди Алимов.
Ошондой эле адис жашыл долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттен жеңилдетилген насыя берилиши керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0