Кыргызстанда кылмыштардын кайсы түрү көп катталат. Рейтинг

© Sputnik / Табылды КадырбековСоюл кармап турган адам. Архив
Союл кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Жазылуу
Узаган жылы республикада 45,1 миң кылмыш катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 19,4 пайызга көп.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кылмыштардын кайсы түрлөрү көп катталарын Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматына таянуу менен билдирди.
Өткөн жылы республикада 45,1 миң кылмыш катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 19,4 пайызга көп. Анын ичинен оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 17,7 пайызга көбөйгөн. Менчикке каршы кылмыштардын саны бир нече эсеге көп, тагыраагы, 73 пайызды түзөт.
2022-жылы катталган негизги кылмыштардын саны:
уурдоо — 20 422;
алдамчылык — 8 626;
бейбаштык — 1 747;
тоноо — 1 351;
баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо — 777;
кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу — 703;
жол кыймылынын коопсуздугун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу — 515;
баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максаты жок мыйзамсыз даярдоо — 495;
ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү — 481;
ден соолукка оор залал келтирүү — 207;
адам өлтүрүү — 197;
зордуктоо — 160;
каракчылык — 152;
ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу — 138;
салык төлөөдөн качуу — 119;
пара алуу — 117;
опузалап пара алуу — 69;
бийликтен аша чабуу — 25;
адам сатуу — 1;
контрабанда — 1.
Бишкек шаардык милициянын жетекчисинин орун басары Тилек Түкөбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2023
Радио
Былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жалпы 6 266 факт катталган
Жаңылыктар түрмөгү
0