Санкциялардын арты менен Россияда экономиканын жаңы багыты пайда болду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТанкерлер. Архив
Танкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Жазылуу
Адис белгилегендей, буга чейин Россияда мунай азыктарын деңиз аркылуу жеткирген индустрия жок болчу, баары түтүк менен кетчү.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга салынган санкциялардын арты менен өлкөдө экономиканын жаңы багыты пайда болду. Бул тууралуу экономист Игорь Качалов Sputnik радиосуна курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин РФте мунайды деңиз аркылуу жеткирүү индустриясы жок болчу.
"Санкциялар жакынкы келечекте Россиянын экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Бир сөз менен айтканда, диверсификация болот. Биз көп жылдан бери мунайдын өзүн гана сатып келдик. Мунай продуктулары деле болду, бирок алар төмөнкү сапатта эле. Убагында аны жогорку деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби, күнүмдүк экспорттук иштер жетиштүү болчу. Эми болсо мунайды кайра иштетип, чийки эмес даяр продукцияны кымбат баада сатуу зарыл болгон учурга жеттик. Экинчиден, бир нече айдын ичинде эле мунай азыктарын жеткире турган жүздөгөн танкери бар флот түзүлдү. Буга чейин бизде товарды деңиз аркылуу жеткирген индустрия жок болчу, баары түтүк менен кетчү", — деди эксперт.
Ал ошондой эле флот аркылуу мунай жеткирүү бул Россиядагы экономикалык жаңы багыттын фундаменти экенин кошумчалады.
АКШнын башчысы Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Журналист Херш Байден АКШнын сырдуу планын кокустан ачыктап алганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0