Россиялык компания быйыл Кыргызстандан 5 миң тонна продукция алууга даяр

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүЖашылча-жемиштер. Архив
Жашылча-жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Жазылуу
Бул ишкана жашылча жана мөмө-жемиштерди сатууга адистешкен. Россиянын рыногунда 2006-жылдан бери иштеп келе жатат.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россиянын "Далеан" компаниясы Кыргызстандын дыйкандарынан 5 миң тонна жашылча-жемиш сатып алууга даяр. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы билдирди.
Аталган ишкана жашылча жана мөмө-жемиштерди сатууга адистешкен. Россиянын рыногунда 2006-жылдан бери иштеп келе жатат.
Анын өкүлдөрү кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуп, жашылча-жемиштерди Россияга экспорттоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын директору Рустам Балтабаев Кыргызстан үчүн экспорттун маанилүү экенин айтып, кызматташууну сунуштады. Ал эми россиялык компания бул жылдын эсебинен 5 миң тонна жашылча-жемиш алуу ниети бар экенин билдирди.
Пияз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Айыл чарба министрлиги пияздын экспортуна салынган чектөөнү алып таштоону сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0