Пенсионерлердин 74 пайызы акчасын банк аркылуу алып калды

© Sputnik / Александр Сухов / Медиабанкка өтүүКапчык кармап турган кары аял. Архив
Капчык кармап турган кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Жазылуу
Төлөмдөр 2021-жылга салыштырмалуу 8 миллиард сомго көбөйгөн.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстанда пенсионерлердин 74 пайызы акчасын коммерциялык банктар (анын ичинде карта менен) аркылуу алып калды. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, учурда пенсионерлердин саны 742 870ти түзөт. Анын ичинен 26 пайызы "Кыргыз почтасы" аркылуу, калган бөлүгү банктардан алары белгиленген.
Узаган жылы 74 580 адам пенсияга чыккан. Анын ичинен 60 122си жаш курагы жетип жаңыдан пенсия алса, 14 458ине кайра эсептөөлөрдөн улам төлөнө баштаган.
Ошондой эле былтыр пенсия төлөөгө 58,8 миллиард сом жумшалганы белгиленди. Төлөмдөр 2021-жылга салыштырмалуу 8 миллиард сомго көбөйгөн.
Депутат Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жумабеков: өкмөткө уят, пенсияны көбөйтө албай Конституциялык сотко даттаныптыр
Жаңылыктар түрмөгү
0