Үшүй берет. Дарыгер туура эмес арыктоонун кесепетин эскертти

© Фото / iStock.com / AndreyPopovТаразанын жанында отурган кыз. Иллюстративдүү сүрөт
Таразанын жанында отурган кыз. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Жазылуу
Адис жаз алды менен көпчүлүк арыктоо аракетин көрөрүн эске алып, ашыкча салмактан арылуунун да эрежелери бар экендигин эскерткен.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Тез аранын ичинде катуу арыктоо ден соолукка зыян. Мындай аракеттин терс жактары жөнүндө россиялык терапевт Георгий Сапего Sputnik радиосуна айтып берди.
Адис жаз алды менен көптөгөн адамдар арыктоого аракет көрөрүн эске алып, ашыкча салмактан арылуунун да эрежелери бар экендигин эскерткен. Дарыгердин айтымында, арыктоо жай жүрө турган процесс.
"Арыктайм деген адам бир жума ичинде бир килограммдан көп салмактан арылса саламаттыгында түрдүү оорулар пайда болушу мүмкүн. Адам бат чарчап, жумушка болгон жөндөмү төмөндөйт. Иммунитеттин түшүп кетиши суук тийүүгө, ар кандай инфекциялардын козголушуна жол ачат. Мындан тышкары, тез аранын ичинде аябай арыктап кеткен адам үшүкчөөл болуп калат, үйдө, көчөдө, жумушта — бардык жерде үшүп баштайт. Мына ушундай белгилер болсо татаал диетаны алмаштыруу керек", — деген Сапего.
Дарыгер мындай учурда арыктоону токтотуп, күнүмдүк тамак-аштын рационунун калориясын көбөйтүү зарылдыгына токтолгон.
"Мындайда адам өзүнүн абалын жакшыртышы керек, көбүнчө как, дан азыктарын, быштак, буурчак, тоок, үндүк этин, жаңгак жегени туура", – деп кеңеш берген терапевт.
Диетада отурган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2022
Ден соолукка зыянын тийгизген диеталар кайсылар. Дарыгер санап берди
Жаңылыктар түрмөгү
0