Талкуу жараткан сүрөт: депутат абакта төрөгөн аялга ырайым кылууну суранды

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATАбакта отурган аял. Архив
Абакта отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жазылуу
Кечээ адвокат Замир Жоошев сот залында жаңы төрөлгөн ымыркайы менен келген аялдын сүрөтүн жарыялаган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов абакта төрөгөн аялга ырайым кылууну суранды.
"Кечээ интернеттин баарына жаңы төрөлгөн ымыркайы менен сотко келген аялдын сүрөтү чыкты. Ушуну эми адилеттүү чечип берип, аял кишинин карызын мамлекет жактан караштырып берсек. Эми ырайым кылып берсеңиздер. Аял кишини бизде ар дайым сыйлап келген. Адашпаган адам жок", — деди Икрамов.
Белгилей кетсек, кечээ адвокат Замир Жоошев сот залында жаңы төрөлгөн ымыркайы менен келген аялдын сүрөтүн жарыялаган. Анын айтымында, келин алдамчылыкка айыпталып, кош бойлуу кезинде камалып, ошол жакта 15-февраль күнү көз жарган. Үйүнө күйөөсү менен дагы алты жаш баласы калган.
Ал "Дордой" базарында иштеп, жогорку пайыз менен алган акчасын кайтара албай калганы үчүн 6 жылга кесилген. Жактоочусу өкүмгө макул болбой шаардык сотко даттанган.
Темир тор артындагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Кемпир-Абад иши: сот бир нече адамды 20-апрелге чейин абакта калтырды
Жаңылыктар түрмөгү
0