Каныбек Иманалиев өзүнө 7 кеңешчи алат. Биринчиси Гапыр Мадаминов болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев. Архив
Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жазылуу
Ал кеңешчилер жергиликтүү маселелер боюнча министрге түз чалып турушат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев өзүнө жети облустан бирден коомдук башталгычтагы кеңешчи аларын жарыя кылды.
Алар жергиликтүү маселелер боюнча министрге түз чалып турушат. Максаты — бюрократияны азайтуу.
Иманалиев бүгүнкү күндө үчөө дайындалганын белгиледи. Баткен боюнча Гапыр Мадаминовду, Оштон Орозали Сайдилкановду жана Таластан Бектур Исаковду алган. Калган облустар боюнча эми дайындалат.
Бирок депутат Элмурза Сатыбалдиев бул туура эмес идея экенин айтып, эртең жети кеңешчинин артына 70 мектеп директору туруп коррупцияга жол ачылат деген пикирин билдирди.
Бирок Иманалиев андай ишке барбай турган адамдарды аларына ишендирди.
Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Иманалиев: жаңы орун басар алам, ал өлкөнүн карызы боюнча иш алып барат
Жаңылыктар түрмөгү
0