Кыргызстанга келген Россиянын ӨКМ башчысы 40 өрт өчүрүүчү унаа тапшырат

© Фото / пресс-служба МЧС КРРоссиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келди
Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жазылуу
Техника жардам иретинде келген.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Конокторду "Манас" аэропортунан Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Россия элчиси Николай Удовиченко баштаган топ тосуп алды.
Маалым болгондой, бүгүн Россия Федерациясынан жардам иретинде келген 40 өрт өчүрүүчү унаа расмий түрдө Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылат.
ӨКМдин өрт өчүрүү жана өрттү алдын алуу башкармалыгынын бөлүм башчысы, подполковник Ренат Токталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Радио
ӨКМ тапшырылган жаңы техниканын өзгөчөлүгүн тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0