Акжол Махмудов менен Роман Власов Алматыда күрөшө турган болду

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Жазылуу
Былтыр балбандар Бишкекте беттешүүнү макулдашып, бирок Махмудовдун жаракатынан улам жолугушуу кийинкиге жылдырылган болчу.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен россиялык спортчу Роман Власов күрөшө турган күн белгилүү болду.
Алар Poddubny Wrestling League турниринде 26-апрелде Алматыда беттешери айтылды. Бул күнү 10 өлкөнүн — Азербайжан, Армения, Индия, Иран, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Молдова, Япония жана Россиянын мыкты балбандары күч сынашмакчы.
Россиядан чыккан Олимпиада чемпиону Муса Евлоев Махмудов менен Власовдун күрөшү кеченин негизги беттеши болорун жана аны бүткүл күрөш дүйнөсү күтүп жатканын билдирди.
Роман Власов — россиялык грек-рим күрөшү боюнча эң атактуу балбандардын бири, эки жолку Олимпиада чемпиону (2012, 2016), Европанын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Ал эми Акжол Махмудов дүйнө чемпиону, Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси. Бир жыл мурун балбандар Бишкекте беттешүүнү макулдашып, бирок Махмудовдун жаракатынан улам жолугушуу кийинкиге жылдырылган болчу.
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Акжол Махмудов менен Роман Власовдун тоодогу беттеши. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0