Милиция "Ала-Тоо" аянтынан табылган документ, буюмдардын ээлерин издеп жатат

© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека"Ала-Тоо" аянтында табылган буюмдар
Ала-Тоо аянтында табылган буюмдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Жазылуу
Эгер жакын арада ээлери чыкпаса, милиция буюмдарды табылгалар бюросуна өткөрүп берет.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкек кайгуул милициясы шаардыктарга кайрылып, "Ала-Тоо" аянтында жоголгон документтерин, сумка жана башка буюмдарын алып кетүүгө чакырды.
Маалымат кызматы табылган буюмдар былтыртан бери чогулуп калганын билдирди. Аларды борбордук аянтта жайгашкан милиция пунктунан барып алып кетсе болот.
Эгер жакын арада ээлери чыкпаса, милиция буюмдарды табылгалар бюросуна өткөрүп берет.
Жактоочу Куватбек Шатманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Радио
Көчөдөн милиция токтоткондо эмнелерди эске алуу керек? Жактоочунун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0