Ошто кафеден 5 млн. сом уурдоого шектелип өспүрүмдөр кармалды

© Фото / пресс-служба УВД ОшаОшто кафеден 5 млн. сом уурдоого шектелип өспүрүмдөр кармалды
Ошто кафеден 5 млн. сом уурдоого шектелип өспүрүмдөр кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Жазылуу
Уурулукка шектүүлөр 480 миң сомду коротуп салышкан, калган бөлүгүн каткан жеринен чыгарып беришкен.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ош шаарында ири суммадагы акча каражатын уурдаган деп өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын тургундары, 15 жаштагы Д.М. жана Н.А. кармалышкан.
"Кылмыштын негизги уюштуруучусу Д.М. буга чейин үч жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Шектүүлөр ушул жылдын 22-январында шаардагы Масалиев көчөсүндө жайгашкан кафелердин бирине терезеси аркылуу кирип, жалпы суммасы 5 миллион сомдон ашык акчаны уурдап кетишкен. Учурда шектүүлөр Жалал-Абад шаарындагы атайын балдардын тергөө абагында кармалууда", — деп айтылат маалыматта.
Милициядан кошумчалагандай, өспүрүмдөр уурдалган акчанын көпчүлүк бөлүгүн каткан жеринен алып беришкен, бирок 480 миӊ сомду коротуп салышкан.
Аларга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
Тиешелүү лицензия албай туруп, Ош шаары жана облусунун аймагында Ош сила аттуу профессионалдык лотерея ойнотушкандар аныкталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Утушка 40 унаа коюп... "Ош сила" лотереясы мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0