Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Мезгил жетти". АКШда Украинага жардам берүүнү токтотууну талап кылышууда

© AFP / Handout / US AirforceАКШдын Украинага жөнөтүлүп жаткан курал жарак. Архив
АКШдын Украинага жөнөтүлүп жаткан курал жарак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2023
Жазылуу
Украинадагы атайын операция башталганда түп көтөрүлө кол сунган Батыш азыр кылчактап турат. Себеби Киевге берилген жардамдын аягы көрүнбөгөнүнө нааразы болгондор улам арбууда.
Михаил Катков
Украинаны курал менен камсыздоонун айынан республикачылардын ичине жик түштү. Дональд Трамп башында турган изоляциячылдар Ак үйдөн Киевге көмөктөшүүгө чекит коюуну талап кылышса, ал эми неоконсерваторлор аларды бул үчүн партиянын катарынан чыгарууну сунуштоодо.
Кошмо Штаттарда эмне болуп жатканы туурасында Михаил Катков РИА Новости сайтына жарыяланган макаласында баяндайт.
Конгресстин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, республикачы Маржори Тейлор Грин өлкө улуттук араздашууга карай баратканын белгилейт. Парламентарий айым жарандык согуш тутанып кетпегей эле деп чочулап, мунун баарына "реалдуу америкалыктардан таптакыр ыраак калган" азыркы бийликти айыптады.
Бул депутат айымга, анын айрым партиялаштарына Байдендин европалык сапары, Киевге барышы жана "Бухарест тогуздугунун" лидерлери менен жолугушуусу жаккан эмес. Республикачылар америкалык президентти өз маселелерине караганда Украинанын көйгөйлөрү көбүрөөк түйшөлтүп жатканына нааразы.
Атап айтканда, депутат Кевин Херн Байден Киевге дейре барып, бирок темир жол кырсыгынын айынын жер кыртышына, атмосферага уулуу заттар тараган Оклахома штатына бара электигин белгиледи. Маржори Тейлор Грин ал түгүл америкалыктар өздөрүнө караганда украиналык өкмөттү өйдө көргөн президентти кыртышы сүйбөгөнүн да айтты. Поезд рельсинен чыгып кеткен дагы бир – Восточная Палестина калаасынын мэри Трент Конауэй Байдендин Европага сапарын жергиликтүү калкты "жаакка чапкандай" эле туюлганын айтып кейиди.
Батыштын айрым маалымат каражаттары бул жагдайды өкүлдөр палатасын тескеген Республикалык партия Вашингтондун Украинаны курал менен жабдышына жолтоо болууга ниеттенгендей кабыл алды. Ошол эле учурда Байдендин артынан Киевге өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Майкл Маккол менен бирге беш республикачы да барды.
Зеленский аларга Украина Куралдуу күчтөрүнө зарыл курал-жарактардын тизмесин тапшырды. Анда F-16 истребителдери, 300 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алчу ATACMS ракеталык комплекстери да бар экени айтылат.
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Байден өлкөнү Россия менен кагылышка түртүп жатат деп эсептейт. Кошмо Штаттардын БУУдагы мурдагы өкүлү, республикачылардан президенттикке экинчи расмий талапкер Никки Хейли Вашингтон Украинаны коргобостон, "эркиндик үчүн согуш" жүргүзүп жатканын, анан да утулуп калууга жол берилбеши керектигин белгилейт.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда конгрессмендер Байденден Украинага жардам берүүнү токтотууну талап кылды
Мамлекет башчылыгына талапкерлердин дагы бири, Флориданын губернатору Рон Десантис Украина менен эмес, өз өлкөсү менен алектенүү керектигин эскертип, АКШ үчүн чыныгы коркунуч Россия эмес, Кытай экенин боолголойт.
Өз кезегинде мурдагы вице-президент Майк Пенс "эркиндикти коргоодон" баш тарткандар Республикалык партиянын катарында болбошу керектигин билдирди.
Республикачылардын сенаттагы азчылыгынын лидери Митч Макконнелл Мюнхень конференциясында партиянын ичиндеги күрөш жеңил болбостугун, украиналыктар өздөрүнө зарыл куралдарды акыры баары бир аларын болжойт. Ошол эле Десантис Киевди курал менен жабдууну 2014-жылдан бери колдоп келген. Элдин украиналык каатчылыкка карата мамилеси өзгөргөндүктөн, ал кишинин да пикири алмашкан өңдүү.
The Associated Press-NORC Center for Public Affairs Research февраль айындагы сурамжылоосунда америкалыктардын 48 гана пайызы колдоп, 29 пайызы — каршы, 22си — арсар болгон.
Былтыр май айында киевдик режимге аскердик көмөктөшүүнү сурамжылоого катышкандардын 60 пайызы кубаттаган эле. FoxNews телеканалынын маалыматы боюнча, республикачылардын 61, ал эми көз карандысыз шайлоочулардын 49 пайызы Украинага болгон жардам мөөнөтсүз болушун каалашпайт
Quinnipiac University республикачылардын тарапташтарынын 42 пайызы Трампка, Десантиске — 36 пайызы добуш берүүгө даяр экенин маалымдады. Хейлинин рейтинги — алты, Майк Пенстики — төрт экенин да кошумчалайт.
"Бул чечилбей турган пикир келишпестиктер эмес, анткени республикачылар улуттук кызыкчылыктарды өйдө коюп, америкалык артыкчылыкка жетүүнү көздөшөт. Болгону айрымдары ички көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырса, башкалары аскердик күчтөргө басым жасоодо", — деп түшүндүрөт Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Франклин Рузвельт атындагы АКШны изилдөө фондунун директору Юрий Рогулев.
Украинаны мындан ары да курал менен жабдууну жактоочулар көз карандысыз же азырынча арсар болуп турган шайлоочулардын көңүлүн бурууга умтулат. Мындай пикирин Россия илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономиканы изилдөө институтунун АКШнын ички жана тышкы саясат секторунун башчысы Виктория Журавлева ортого салат.
"Андай электораттын Киевди колдоого өтүнүчү бар, алар үчүн күрөшпөй коюшса, демократтар тарапка ооп кетери белгилүү", — дейт ал. Эксперттердин пикиринде, Украинадагы жаңжал бардык талапкерлердин шайлоо кампаниясында маанилүү роль ойномокчу.
Андай талаш-тартыш, кызыл чеке болмой көрүнүштөр жада калса демократиялык партияда да болбой койбойт. Былтыр, октябрда, 30 конгрессчи Байденден тынч сүйлөшүүлөрдү демилгелеп, жакшы ниет иретинде Россияга каршы санкцияларды жумшартууну талап кылышкан. Анткен менен Кремлдин талаптарын аткарууга даяр деген ойдо калышпасын деп саксактаган демократтар ошол кырдаалды бачым эле жөнгө сала коюшкан.
АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ: Украинага F-16 истребителдери, Abrams танкалары керек эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0