Кыргызстандын товарларын кайсы мамлекеттер алат? Тизме

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаалар. Архив
Жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2023
Жазылуу
Республика 90дон ашык мамлекетке товарларды жөнөтөт, бирок бир өлкөгө экспорттун дээрлик жарымы туура келет.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россия, Казакстан жана Өзбекстан Кыргызстандын товарларын эң көп сатып алган мамлекеттер. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Өткөн жылы Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү11,8 миллиард долларды түзүп, анын ичинен 2 миллиард 186,7 миллион доллар экспортко туура келген (2021-жылга салыштырмалуу 565,5 миллион долларга аз). Республика өзүнүн товарларын 90дон ашык өлкөгө экспорттойт.
Кыргызстандан ири көлөмдөгү товарларды сатып алган мамлекеттер (экспорт 10 миллион доллардан ашат):
Россия — 963,6 миллион доллар (жалпы экспорттун 44,1 пайызы);
Казакстан — 438,2 миллион (20%);
Өзбекстан — 236,6 миллион (10,4%);
Түркия — 140,7 миллион;
БАЭ — 101 миллион;
Кытай — 60,8 миллион;
Беларусь — 35,7 миллион;
Афганстан — 21,6 миллион;
Гонконг — 16,3 миллион;
Германия — 15,8 миллион;
Бельгия — 14,8 миллион;
Иран — 13,5 миллион;
Индия — 10,5 миллион.
2021-жылга салыштырмалуу экспорттун азайгандыгына карабастан, жогоруда аталган өлкөлөргө товар жеткирүү көбөйгөн (Кытай жана анын атайын району Гонконгду эске албаганда). Пайыздык эсеп менен алганда Иранга (14 эсеге), Россияга (2,45), Афганстанга (2,25) жана Индияга (2) экспорт өскөн.
Чек ара постунан товар өткөзүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Кыргызстандан Россияга товар экспорттоо 2,5 эсеге көбөйдү
Жаңылыктар түрмөгү
0