Москвада Айгүл Жапарованын катышуусунда кыргыз-россиялык аялдар форуму башталды

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловМосквада Айгүл Жапарованын катышуусунда "Кыргызстан менен Россиянын келечек үчүн диалогу" аттуу кыргыз-россиялык аялдар форуму башталды
Москвада Айгүл Жапарованын катышуусунда Кыргызстан менен Россиянын келечек үчүн диалогу аттуу кыргыз-россиялык аялдар форуму башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Жазылуу
Мындай иш-чара биринчи жолу өтүп жатат.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Москвада Айгүл Жапарованын катышуусунда "Кыргызстан менен Россиянын келечек үчүн диалогу" аттуу кыргыз-россиялык аялдар форуму башталды.
Биринчи айымды иш-чара өтө турган мейманканадан Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко тосуп алды.
Уюштуруучулардын маалыматында, форумдун коноктору менен катышуучуларынын алдында КР президентинин жубайы Айгүл Жапарова сөз сүйлөйт.
Иш-чарага, мындан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, КРдин саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, КРдин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, РФте адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Татьяна Москалькова, Россиядагы эксперттик борбордун башкы директору Вероника Никишина катышууда.
Форумдун алкагында тематикалык секциялар дагы пландалган:
№1 секция — "Аялдардын парламенттик диалогу жана мыйзам жаратуучу";
№2 — "Гуманитардык, коомдук жана кайрымдуулук жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү";
№3 — "Билим берүү жана маданият. Таланттуу балдарды жана жаштарды колдоо";
№4 — "Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, эне жана балага мамлекеттик колдоо көрсөтүү";
№5 — "Аял ишкерлер: евразиялык өлчөм".
Жаңылыктар түрмөгү
0