8-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүү8-мартка карата гүлдөрдү сатуу
8-мартка карата гүлдөрдү сатуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Жазылуу
8-мартка караган түнү өлкө аймагында жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Шаршембиде түшкө чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи жарымында Ысык-Көл менен Нарындан башка облустардын көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17...+22, Талас жергесинде +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл чөлкөмүндө +11...+16, ал эми Нарында -2...+3 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ош калаасында +20...+22 градуска жетет.
Сейилдеп жүргөн кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Бул жумада кыргызстандыктар 8-мартта эс алып, бирок ишембиде иштешет
Жаңылыктар түрмөгү
0