Эч бир диета жардам бербейт! Курсактын чандайышынын 7 себеби

© Photo / Pixabay / Michal JarmolukЭркек киши курсагын өлчөп атат. Иллюстративдик сүрөт
Эркек киши курсагын өлчөп атат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2023
Жазылуу
Чоң курсак эң биринчиден ашыкча салмактын кесепети.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Курсак эмне үчүн чоңоет жана мунун кандай кесепеттери болушу мүмкүн? Бул суроого "Доктор Питер" басылмасына курган маегинде хирург Илья Алмазов жооп берди.
"Чоң курсак эң биринчиден ашыкча салмактын кесепети. Бирок чандайган курсак башка дагы көйгөйлөрдөн кабар бериши мүмкүн", — деди дарыгер.
Ошондой эле ал чоң курсактын артына "жашынган" ооруларды тизмектеп берди.
Боордун циррозу
Боордун бул оорусу гепатит жана аракечтиктен келип чыгат.
Ичеги "тыгыны"
Ичегинин аш өткөрбөй калышы. Тамак ичке жана жоон ичегилер аркылуу ары жыла албай калат.
Перитонит
Бул бүлкүлдөк сезгенип калган учур.
Абдоминалдык семирүү
Семирүүнүн бул түрү адамдын дене боюн алманын формасындай кылып коет. Муну менен көбүнчө эркектер жабыркайт.
Белок жетишсиздиги
Аты айтып тургандай, зат алмашуу бузулуп, белок тартыштыгынын пайда болушу.
Ошондой эле аялдарга гана тиешелүү эки оору бар. Алар: миома менен репродуктивдүү системанын шишиги. Бул учурда дагы курсак чоңоюп кетет.
Төшөктө жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
Шейшепти өз убагында алмаштырбаса жуктуруп алчу төрт оору
Жаңылыктар түрмөгү
0