Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөдө гепатитке каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат

© Sputnik / Асел АкматКан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү жана ВИЧ инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова
Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү жана ВИЧ инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
Жазылуу
Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү жана ВИЧ инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова өлкөдө гепатитке эмдөө акысыз кампаниясы жүрүп жатканын айтты.
Республикалык СПИД борбору мындан ары гепатитке каршы күрөшүүнү да колго алат. Бул багытта өкмөт 276 миллион сом бөлгөн, анын 144 миллионуна тендер өттү. Бул тууралуу Үмүт Чокморова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Өлкөдө гепатитке каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат
Анын айтымында, учурда республика боюнча канча киши гепатиттин кайсыл түрүнө кабылгандыгын аныктап, эсебин чыгаруу мүмкүн эмес.
"Гепатит оорулары күчөп, коомчулук чоң көйгөйдүн алдында турганы чындык. Муну токтотуу жана абалды жакшыртуу максатында гепатит менен күрөшүүнү өкмөт колго алды. Ага ылайык, 2022-жылдын декабрь айынан тарта биз 22 жаштан жогорку курактагы бардык кыргызстандыктарды гепатитке каршы эмдөө кампаниясын жүргүзүп жатабыз. Каалоочулар өздөрү катталган бейтапканаларга кайрылса болот. Эмдөө, аны жүргүзүү үчүн алынуучу анализдердин баары акысыз. Биз 350 миң доза вакцина алганбыз. Бүгүнкү күндө биринчи дозасын 38 миңге жакын киши, экинчи дозасын 1600гө жакын адам алды. Вакцинация үч этап менен жүрөт. Мындан сырткары, ушул программанын алкагында гепатитке чалдыкканы аныкталып дарыланууга муктаж кыргызстандыктарды да дарылап жатабыз. Бирок бул жерде алгач ВИЧ/СПИДге кабылган, гепатит илдетинен улам боорун алмаштырган, кош бойлуу жана боорунан цирроз, рак болгондор акысыз дарыланышат", — деди Чокморова.
Дарыгер өлкөдө гепатит илдетинин жугуусун ооздуктоо максатында жалпы кыргызстандыктарды акысыз текшерүүдөн өтүп жана эмделүүгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0