Бишкекте Россиянын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Видео

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКишен ташуу. Архивдик сүрөт
Кишен ташуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Жазылуу
Кармалган жаран өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартылары айтылды.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкекте Россиянын Челябинск облусунан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал 15 миң долларга Кыргызстандын жарандыгын сатып алууга аракет жасаганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Россияда ал кылмыш жоопкерчилигине тартылары, Федералдык коопсуздук кызматы аны мамлекеттер аралык издөөгө салганы айтылды.
Шектүү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162 (“Каракчылык”), 209 (“Бандитизм”), 222 (“Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү”), 226 (“Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу”) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн иш жүргүзүүдө.
 Ош шаарынын “Амир-Тимур” кичи районунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Ошто курал-жарак сакталган жай табылды. УКМК анын ээсин издөөдө
Жаңылыктар түрмөгү
0