Президент Жапаров бизнесмен Хабибулла Абдукадыр боюнча комментарий берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана бизнесмен Хабибулла Абдукадыр
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана бизнесмен Хабибулла Абдукадыр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Жазылуу
Бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын ысымы бажы тармагындагы коррупция жөнүндөгү журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун өнөктөшү деген кептер тараган.
БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекке беш жылдыздуу мейманкана жана мечит кура турган инвесторлордун арасында бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын пайда болушу тууралуу “Кабар” агенттигине комментарий берди.
Анын айтымында, ал дүйнөлүк бренддерди Кыргызстанга чакырып жатат. Бийлик беш жылдыздуу мейманкана курам дегендерге жер берип, беш жылга чейин салыктын кээ бир түрлөрүнөн бошотот.

“Анын негизинде инвесторлор келди. Арасында Хабибулла Абдукадыр дагы бар экен. Биз бул инвесторлорго жер берген жокпуз. Алардын мурда сатып алып койгон жери бар экен, илгерки “Нарын” ресторанынын орду. Ошол жерге беш жылдыздуу мейманкана салып баштады. Баасы 321 миллион доллар. 37 кабаттуу мейманкана курулат. Эки жылда бүтөбүз дешти. Бүткөндөн кийин такси кызматы, тейлөө кызматтары иштейт. Кыскасы, баш аягы болуп 5 миң жумушчу орун пайда болот. Туристтер келет. Ошондой эле 20 миң адам бата турган, баасы 51 миллион доллар турган мечит-медресе салып баштады. Бул мечитти "Аллахтан сооп табабыз" деп Кыргызстан мусулмандары үчүн бекер салып бермей болду. Курулуш бүтөрү менен муфтияттын балансына өтөт. Бул мечит-медресе салынып бүткөндөн кийин дин жолуна түшкөн балдар-кыздарыбызды чет өлкөлөргө чыгарбастан өзүбүздөн, өзүбүздүн саясат менен, өзүбүздүн каада-салтыбыз менен окутабыз. Буга чейин ар кайсы өлкөлөрдөн окуп келип, ар кайсы динди, ар кайсы кийимдерди жайылтып жүргөндөрдү бара-бара бир нукка салабыз деген планыбыз бар”, — деди Жапаров.

Мындан сырткары, Бишкектин ичинен жер сатып алып, "Бишкек-сити" деген кичи шаарча салмай болгонун дагы айта кетти.
“Мурда эле пландап жүргөн экен. Бизде тынчтык орнобой, бийлик башындагылар бири-бирибиз менен чабыша берип булар Ташкентке кетип, “Ташкент-ситини” куруп бүтүп калышыптыр. Эми бизде стабилдүүлүк орногондон кийин кайра инвесторлордун баарын чакырдым. Кайра бизге келишти. Кыскасы, Бишкекке баш-аягы 1,5 миллиард доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман? Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деп баарын чакырам. Кол чаап тосуп алам”, — деди президент.
Ал ошондой эле журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпой турганын, эң негизгиси, жаман иш жасап, коррупцияга аралашпаганын кошумчалады.
Бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын ысымы бажы тармагындагы коррупция жөнүндөгү журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун өнөктөшү деген кептер тараган. Абдукадыр 2017-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында дагы байкалган.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Садыр Жапаров: Бажыдан сол чөнтөккө кеткен 40 млрд. сом азыр бюджетке түшүп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0