"Унаанын" Оштогу бөлүмү дем алыш күндөрү дагы иштемей болду

© Фото / пресс-служа ГУ "Унаа"ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемеси. Архив
ИИМдин Унаа мамлекеттик мекемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Жазылуу
Ушул жылдын февраль айынан тартып "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы бөлүмдөрү эс алуу күндөрү да иштей баштаган.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Эртеңден баштап ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош аймактык бөлүмү дем алышсыз иштей баштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Унаанын" Ош облустук бөлүмү 12-марттан тартып дем алыш күндөрү да жарандарды тейлей баштайт.
Аталган мамлекеттик ишкананын Ош аймактык бөлүмүнүн иш тартиби:
1.
Күн сайын саат 08:30дан – 17:30га чейин,
2.
Түшкү тыныгуу: 12:00дөн – 13:00гө чейин.
Байланыш номерлери: 03222 56580.
Эске салсак, ушул жылдын февраль айынан тартып "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы бөлүмдөрү эс алуу күндөрү иштей баштаган. Мындай чечим транспорт каражаттарын каттоого же кайра каттоого алууну каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу жана элге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кабыл алынган.
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош жана Бишкектеги бөлүмдөрү дем алыш күндөрү унааны каттоо, кайра каттоо жана камакка коюу, чыгаруу жаатында иш жүргүзөт. Айдоочулар курамын каттоо жана тестирлөө дүйшөмбү күндөн тартып жума күнгө чейин жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Кайсы жолдорго акы төлөнүшү мүмкүн? Транспорт министрлигинин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0