Ала-Букада 84 жаштагы айдоочу үч кишини койдуруп кетти

© Фото / Pixabay/ PexelsАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Жазылуу
Милиция автокырсык боюнча тергөө иштерин баштаган. Текшере келгенде айдоочунун ичпегени аныкталган.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 84 жаштагы айдоочу борбордук көчөлөрдүн биринде күндүз үч кишини койдуруп кетти. Бул туурасында аймактык ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришти.
Видео "Короче" Телеграм каналына жарыяланды.
Айдоочуну текшере келгенде ичпегени аныкталган. Ал 50 жаштагы аялды, үч жашар уулун (кырсык учурунда көчөдө баласын көтөрүп бараткан) жана 15 жаштагы кызын койдуруп кеткен. Жабыркагандар ооруканага түшкөн. Милиция автокырсык боюнча тергөө иштерин баштаган.
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Бишкекте эркек киши андан качкан аялдын машинасына жармашып алган видео тарады
Жаңылыктар түрмөгү
0