Суук кайтабы? Келерки жумада Нарында аба ырайы кандай болору айтылды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүТалаада жайылган жылкылар. Архив
Талаада жайылган жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Жазылуу
Апта ичинде Теңир-Тоонун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -10 градуска чейин жетет.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Нарын облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. 14-15-мартта жаан-чачын болбойт. Ал эми 16-19-март күндөрү кээ бир райондорго кар түшөт.
Апта ичинде дыйканчылык аймактарда түнкүсүн 10 градуска чейин суук болсо, күндүзү абанын температурасы +1 градуска көтөрүлөт.
Суу каптаган көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Шашылыш билдирүү. Бүгүн, эртең жаан жаап, айрым жерлерди суу капташы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0