Марат Касемдин кармалышы. Журналисттин абакта жатканына эки айдан ашты

© Sputnik / DMITRY DUBINSKYSputnik Литва агенттигинин шеф-редактору Марат Касем
Sputnik Литва агенттигинин шеф-редактору Марат Касем - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
Москва журналист кармалгандан бери аны бошотууга чакырып, айыптоолордун баары негизсиз экенин айтып келет.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Sputnik Литва агенттигинин шеф-редактору Марат Касемдин камакта жатканына эки айдан ашты.
Ал 5-январда Ригада кармалган. Ошол эле күнү соттун отуруму өтүп, адвокатынын күрөөгө бошотуу талабына карабай эки айга камакка алуу чечими чыккан.
Журналист Евробиримдиктин Россияга карата экономикалык санкциясын бузган деп күнөөлөнүүдө. Алгач анын тыңчылыкка шектелип жатканы тууралуу маалымат тараган. Касем — Латвия жараны. Бир нече жылдан бери Москвада жашап, Sputnik Литва да кирген "Россия сегодня" медиатобунда иштейт. 2022-жылдын 30-декабрында үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Латвияга келип, 5-январда кармалган.
"Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев ошол эле күнү Касемдин кармалышы мыйзамсыз жана акылга сыйгыс экенин билдирген. Киселев болуп жаткан окуяны Кирилл Вышинскийдин кармалышы менен салыштырган, аны да 2018-жылы Украинада мамлекеттик чыккынчылык кылды деп айыпташкан эле. Ал 2019-жылдын сентябрында абактагылар менен алмашуунун алкагында бошотулуп, учурда "Россия сегодня" медиатобунда иштеп жүрөт.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова окуяны диктатордук режимдин Касемдин принципиалдуулугу үчүн өч алуусу деп сыпаттаган. Анын айтымында, жарым жыл мурун Касем кесибинен улам Прибалтика өлкөлөрүнүн бийлиги артынан түшүп алганын билдирген.
РФ ТИМи жагдайга эл аралык уюмдарды тартууну талап кылган, анткени журналист коркутуулар болуп жатканын айткан эле. Ал эми Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Мария Бутина Касемге бардык керектүү жардам көрсөтүлөрүн убадалаган.
Буга кошумча, Захарова окуяны башкача ой жүгүртүүгө жасалган террорчулук деп айтууга бардык негиз бар экенин кошумчалаган болчу.
"Касемдин кармалышын Латвия режиминин өзгөчөлөнгөн ой жүгүртүүгө каршы жасалган террору жана талапка туура келбегендерди жок кылуу үчүн цивилизациялуу мамлекеттин принциптерин, укуктук алкакты жокко чыгарууга даярдыгы деп баалоодон башка сөз жок", — деген дипломат.
Россиянын Журналисттер союзунун башчысы Владимир Соловьев окуя сөз эркиндигинин бардык принциптеринин бузулушу экенин айткан.
Касем кармалган күнү БУУ баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжжарик да үн катып, бардык тиешелүү юридикалык процедураларды сактоого чакырган. Уюм аталган ишти дыкат карап чыгууну убадалаган.
Россияда адам укугу боюнча ыйгарым укугу бар Татьяна Москалькова БУУнун адам укугу боюнча жогорку комиссарына кайрылып, Касемдин кармалышы сөз эркиндигине кол салуу экенин, Латвия журналисттердин укугун коргоо багытындагы эл аралык милдеттемелерин бузуп жатканын белгилеген.
Кийинчерээк Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Касем Евробиримдиктин санкциясын бузду деп шектелип жатканын, тыңчылыкка айыпталбаганын жар салган.
6-январда Латвиянын Москвадагы элчилигинин алдында Марат Касемди колдоо боюнча акция өткөн. Ага катышкан Дмитрий Киселев журналисттин камакка алынышы мыйзамсыз экенин айткан.
"Биз ЖМКда атайын кампания уюштуруп, Мараттын бошотулушу үчүн зарыл нерсенин баарын жасайбыз. Юридикалык жардам уюштурдук, кызыкчылыгын коргогон жактоочу иштеп жатат", — деди ал.
Ошол эле күнү БУУнун адам укугу боюнча кеңешинин жакын аралыкта өтүүчү сессиясында аталган маселе каралбай турганы белгилүү болгон. Мындай жагдайды Мария Захарова "уят иш" деп сыпаттап, Батыш Касемдин кармалышы үчүн жоопкерчиликтен качып кутула албай турганын айткан.
Бир нече күндөн кийин Касемдин досу Дэги Караевге жазган каты ачыкка чыгып, бир жумада сегиз килограммга арыктаганын, абакта эптемей тамак беришерин жазган. Марат аны колдогон тарапташтарынын баарына ыраазычылык билдирген эле.
12-январда Мария Захарова Россия Sputnik Литванын шеф-редакторун БУУ жана ЕККУ башында турган эл аралык уюмдар аркылуу бошотууга аракет кыла берерин билдирген. Ал аталган иштин саясий өңүтү бар экенин айтып, Латвия журналистти камап эң эле акылсыз кадамга барганына токтолгон.
Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Россия бийлигинин журналистти бошотуу аракетин тастыктап, Латвия бийлигинен да ушуну талап кылган.
17-январь күнү Касемдин чоң энеси каза болгону маалымдалды, Марат Латвияга дал ушул киши менен көрүшүү үчүн келген. Көптөн бери ооруп жүргөн чоң энеси менен Марат көрүшүүгө жетишпей калган. Небересинин кармалышы оор тийип, абалы начарлап кеткенин Касемдин досу билдирди. 20-январь күнү Маратка чоң энеси менен коштошууга уруксат беришкен.
Расмий Москва Касемдин бошотулушун, жалган айыптоолор алынышы керектигин, башкача болушу мүмкүн эмес экенин дагы бир жолу эскертип, бул үчүн бардык аракеттерди жасап жатканын билдирген.
Февралдын башында Касемдин ден соолугу начарлап кеткен. Адвокаты дем жетпей камеранын терезесин ачууга туура келип жатканын, мындан улам Марат кийимчен уктап жатканын билдирген. Өнөкөт оорулары да күчөп, муун оорусунан (подагра — ред.) бутунун манжалары иштебей калган. Доосуна, камеранын эшигин каккылаганына эч кандай реакция болгон эмес. Жактоочу мындай жагдай Касемдин кыйноого кабылып жатканын айгинелей турганын белгилеген.
Саламаттыгы начарлаган маалда Марат адам жалгыз кармалган камерада болчу, кийин мурункусуна которушкан. Февралдын ортосунда журналист ден соолугу оңолуп, калыбына келип жатканын кабарлаган.
Ал арада РФ парламентинин жогорку палатасынын сессиясында Валентина Матвиенко Sputnik Литванын шеф-редакторун бошотуу үчүн бардык эл аралык структураларга кайрылууга чакырган. Ал аталган уюмдардын дээрлик баары өз алдынчалуулугун жоготуп эрксиз болуп калганын белгилеп, ошентсе да кай бири "кош стандартка баш ийбей абийири менен калса керек" деп үмүт арткан.
Буга карабастан 6-март күнү Латвия соту адвокаттын сунуштамасын четке кагып, Мараттын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Эми апелляцияны эки айдан кийин гана берүүгө мүмкүн болот.
Марат Касем бүгүн туулган күнүн темир тор артында тосот...
Россия сегодня эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Киселев ЕБдин "Россия сегодня" медиатобуна салган санкциясына комментарий берди
Жаңылыктар түрмөгү
0