Тажикстанга барбай тургула! ТИМ кыргызстандыктарга эскертүү берди

© Sputnik / Эмиль СадыровТИМдин имараты. Архив
ТИМдин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
Тажик тарап расмий билдирүүсүз өз аймагына кирүүгө чек койгон.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Тажикстанга ар кандай сапарлар менен баруудан баш тарта турууну дагы бир ирет эскертти.
Буга тажик тараптын өз аймагына расмий билдирүүсүз кирүүнү чектөөсү алына электиги себеп.
Тажикстандагы элчиликтин маалыматы боюнча, Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда чек ара көзөмөлүнөн кыргызстандыктарды киргизбей коюшууда. Мындай жагдайда авиабилеттерди сатып алуу жана транзиттик зонада кайтып келүүчү каттамды күтүү үчүн ашыкча чыгым болот.
Аталган өлкөгө кирүү жана чыгуу боюнча керектүү маалыматты жана консультация алуу үчүн төмөнкү номерлерге чалуу сунушталат:
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (Бишкек) — +996 999 312-002;
Тажикстандагы элчилик (Душанбе) — +992887782223.
Алматы аэропорту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2023
Ош — Алматы авиакаттамын ачуу планы талкууланды
Жаңылыктар түрмөгү
0