Түркиянын эки шаарында катуу сел жүрүп, 5 киши набыт болду. Видео

© AP Photo / Emrah GurelТүркиядагы тез жардам автоунаасы. Архив
Түркиядагы тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
Жазылуу
Учурда издөө жана куткаруу иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Түркиянын Шанлыурф жана Адыяман шаарларында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам катуу сел жүрдү. Бул тууралуу TRT Haber жазды.
Окуянын кесепетинен көчөлөр менен проспектилерди суу каптап, беш адам набыт болгон. Шанлыурфдагы оорукананын биринчи кабаты суу алдында калып, бейтаптар жогорку этаждарга которулган.
Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу учурда издөө жана куткаруу иштери жүрүп жатканын билдирди.
Жер титирөөдөн талкаланган Нурдаги шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Түркия: жер титирөөдөн толук кыйраган шаардын мэри кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0