Шалаакылыкка айыпталган Нарын ШИИБ кызматкерлерине иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековМилициянын фуражкасы жана кишендер. Иллюстративдик сүрөт
Милициянын фуражкасы жана кишендер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
Жазылуу
УКМК ушундай эле шалаакылыкка буга чейин Кочкор жана Сузак райондорунун милиция кызматкерлери да жол бергенин эске салган.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (шалаакы аракетсиздик) фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун УКМК кабарлады.
Атайын кызмат тараткан маалыматта үстүбүздөгү жылдын 14-мартында милицияга З.К. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылганы айтылат. Ал 9-март күнү Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде белгисиз адамдар эч себепсиз эле кемсинтип, сөгүп, анан бөтөлкө менен уруп, ден соолугуна зыян келтирүүгө аракет кылышканын айтып арызданган. З.К. 102 кызматына телефон чалган, бирок келген милиция кызматкерлери эч кандай мыйзамдуу чара көрбөй окуя болгон жерден кетип калышкан.
"Мекеменин көзөмөл камераларынан алынган видеоматериалдарга караганда, милиция кызматкерлери арыз ээсинин жүйөсүнө чындап эле тийиштүү аракет кылбаганы, андан тышкары, кылмыш чөйрөсүнө жакын адамдардын шылдыңдап, кол салуусуна жол беришкени, муну менен анын конституциялык укуктары бузулганы көрүнүп турат", — деп айтылат билдирүүдө.
УКМК ушундай эле шалаакылыкка буга чейин Кочкор жана Сузак райондорунун милиция кызматкерлери да жол бергенин эске салган. Атайын кызмат мындай көрүнүштөр ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө түзүлүп жаткан жагымсыз кырдаалды ашкерелеп, бул мамлекеттин учурдагы саясатына терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Нарын менен Чүйдүн милиция жетекчилери ротацияланды. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0