Салык салуу боюнча кабыл алынган жаңы мыйзамдагы өзгөрүүлөрдүн тизмеги

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстан салык кодекси. Архив
Кыргызстан салык кодекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Жазылуу
Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордо базарда соода кылгандар жана коомдук тамактануучу жайларда иштегендер үчүн жеңилдиктер каралган.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги салык салуу чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жаңы кабыл алынган мыйзамда кандай нормалар киргизилгенин билдирди.
Документте төмөнкүлөр камтылган:
Баткен жана Ош облустарындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуудан жабыркаган субъектилердин салыктык карызын жоюу;
кирешелердин көлөмүн чектебестен бирдиктүү салыктын негизинде режимди кеңейтүү (учурда 30 миллион сомго чейин);
товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейин контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды аткарган жеке ишкерлерди мөөнөтсүз салыктан бошотуу;
жылдык жүгүртүүсү 100 миллион сомдон ашпаган базарлардагы ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставканы белгилөө;
жылдык жүгүртүүсү 8ден 30 миллион сомго чейинкилерге — 0,5 пайыз;
жылдык жүгүртүүсү 30дан 50 миллион сомго чейинкилерге — 1 пайыз;
соода үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын накталай акча менен болсо 4 пайызга жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 2 пайызга төмөндөтүү.
Креативдүү өнөр жай паркынын резиденттери үчүн бирдиктүү салык ставкасын белгилөө төмөнкүдөй өлчөмдөрдө сунушталат:
2023 жана 2024-жылдары — 0,5 пайыз;
2025 жана 2026-жылдары — 1 пайыз;
2027-жылдан тартып — 2 пайыз.
Кирешелердин көлөмүн чектебестен коомдук тамактануучу жайлардын бирдиктүү салыктын ставкалары:
Бишкек жана Ош шаарларында накталай түрдө 6 пайыз, накталай эмес формада 4 пайыз;
башка аймактарда накталай түрдө 4 пайыз, накталай эмес формада 2 пайыз.
Айып пулдарды азайтуу жана мөөнөтүн узартуу:
Эркин экономикалык аймактардан айрым товарларды Кыргызстанга экспорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу;
айыл чарба өндүрүүчүлөрүн каттоону 2024-жылдын 1-январына чейин узартуу;
министрлер кабинетине социалдык маанидеги товарларга салыктын ставкаларын өзгөртүү укугун берүү;
2024-жылдын 1-январынан тартып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонбогондугу үчүн айыпты киргизүүнү жылдыруу;
ЭТТК колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн азайтуу, биринчи укук бузуу үчүн эскертүү, экинчи жолу жеке жактар үчүн 3000 жана юридикалык жактарга 13 миң, андан кийин да кайталанса 10 миң жана 28 миң сом.
Мындан сырткары, электрондук тамекинин акциздик салыгы эки эсе арзандап, башка тамекилердики кымбаттайт.
Белгилей кетсек, Салык кодексин өзгөрүү боюнча мыйзам кечээ, 16-мартта, парламент тарабынан кабыл алынган. Эми ал президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Салык инспектору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
Салыкчылардын эң төмөнкү айлыгы 30 миң сом. Депутат муну аз деп эсептейт
Жаңылыктар түрмөгү
0