Баткен шаарынан чек арадагы Ак-Сай айылына бекер кичи автобустар каттай баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовКичи автобус. Архив
Кичи автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
Жазылуу
Жергиликтүү тургандар буга чейин аталган каттамды уюштуруп берүүнү бийликтен суранган.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Баткен шаарынан чек арадагы Ак-Сай айылына жана кайра артка бекер кичи автобустар каттай баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
"Маршруттук такси Баткенден Ак-Сайга эртең менен саат 08:40та, ал эми каршы багытка кечки саат 17:00дө чыгат. Жолдун узундугу 40 чакырымдан ашат. Жол кире акысыз", — деп айтылат маалыматта.
Президенттик өкүлчүлүк жергиликтүү тургундар буга чейин мындай автокаттамды уюштурууну суранышканын кошумчалаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы иш сапарында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Акылбек Жапаров: тынч жашагысы келбегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет
Жаңылыктар түрмөгү
0