Кыргызстан, Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары жолукту. Эмне сөз болду

© Фото / пресс-служба президента КРКыргызстан, Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары жолукту
Кыргызстан, Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
Жазылуу
Консультациялардын биринчи туру 2019-жылы Бишкекте өткөн.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов өзбекстандык кесиптеши Виктор Махмудов менен бирге консультациялардын экинчи раундун өткөрдү.
Жолугушуу Ташкент шаарында өткөнүн Кыргызстандын президентинин администрациясы билдирди. Консультациялардын биринчи туру 2019-жылы Бишкекте өткөн.
© Фото / пресс-служба президента КР

Тараптар аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, террорчулукка, экстремизмге, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана улут аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен чараларды талкуулаган

Тараптар аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, террорчулукка, экстремизмге, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана улут аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен чараларды талкуулаган - Sputnik Кыргызстан
1/2

Тараптар аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, террорчулукка, экстремизмге, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана улут аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен чараларды талкуулаган

© Фото / пресс-служба президента КР

Андан сырткары, аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү келечектүү багыттар, чек арага жакын аймактарда табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарды алдын алуу, аларды тез арада жоюу жаатында өз ара иштешүү маселелерин да сүйлөшкөн

Андан сырткары, аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү келечектүү багыттар, чек арага жакын аймактарда табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарды алдын алуу, аларды тез арада жоюу жаатында өз ара иштешүү маселелерин да сүйлөшкөн - Sputnik Кыргызстан
2/2

Андан сырткары, аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү келечектүү багыттар, чек арага жакын аймактарда табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарды алдын алуу, аларды тез арада жоюу жаатында өз ара иштешүү маселелерин да сүйлөшкөн

1/2

Тараптар аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, террорчулукка, экстремизмге, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана улут аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен чараларды талкуулаган

2/2

Андан сырткары, аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү келечектүү багыттар, чек арага жакын аймактарда табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарды алдын алуу, аларды тез арада жоюу жаатында өз ара иштешүү маселелерин да сүйлөшкөн

Тараптар аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, террорчулукка, экстремизмге, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана улут аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен чараларды талкуулаган. Андан сырткары, аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү келечектүү багыттар, чек арага жакын аймактарда табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарды алдын алуу, аларды тез арада жоюу жаатында өз ара иштешүү маселелерин да сүйлөшкөн.
Иманкулов бул иш-чара мамлекет башчыларынын тынчтыкты колдоочу саясатынын логикалык уландысы экенин айткан. Кыргызстан менен Өзбекстандын элдеринин гүлдөп-өнүгүшү үчүн мамлекеттер аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча туруктуу максаттарды көздөй тургандыгын белгилеген.
Консультациялардын жыйынтыгында тараптар коопсуздук, оперативдүү маалымат алмашуу, октууларды жана машыгууларды өткөрүү жаатындагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча кошумча эки тараптуу кадамдарды белгилеген протоколго кол коюшкан. Ошондой эле өсүп келе жаткан кооптуулуктарга, коркунучтарга каршы туруу үчүн көп тараптуу аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешкен.
Консультациялардын экинчи айлампасына ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар министрлеринин орун басарлары, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, УКМКнын төрагасынын орун басары катышкан.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолукту.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЖККУнун башкы катчысына жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0