Трамп шейшемби күнү камакка алынарын айтып, элди акцияга чыгууга чакырды

© AFP / MANDEL NGANАКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
Жазылуу
Штаттардын мурдагы жетекчиси америкалык кыял аткарылбастыгын, ал эми солчул анархисттер "президенттик шайлоону" уурдап алышканын билдирди.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп шейшемби күнү камакка алынарын айтып, америкалыктарды өлкөнү кайтарып алыш үчүн нааразылык акциясына чыгууга чакырды.
Truth Social кызматындагы текстте Манхэттендин коррупциялашкан жана саясатташкан аймактык прокуратурасы башка прокурорлордун эски жана толугу менен жокко чыгарылган жомогунун негизинде камакка алышы мүмкүн экенин айткан.
"Республикалык партиянын жетектөөчү лидери жана АКШнын мурдагы президенти келе жаткан аптада, шейшемби күнү камакка алынат. Нааразылыкка чыгып, биздин өлкөнү кайтарып алгыла!" — деп чакырык жасаган Трамп.
Ал америкалык кыял өчкөнүн, ал эми өлкө "үчүнчү дүйнөдө калып өлүп бара жаткандыгын" жар салган.
"Солчул анархисттер президенттик шайлоону уурдап, анын менен кошо биздин өлкөнүн жүрөгүн ала кетишти. Америкалык патриотторду камап, эркинин сырткары жаныбар сымал кармап турушат, бул арада баш кесерлер менен кылмышкерлер көчө таптап, эч кандай себепсиз өлтүрүүгө жана өрттөөгө жол берип жатышат. Миллиондогон кишилер, анан ичинен арбыны түрмө менен психиатриялык ооруканалардан биздин ачык чек арага агылды. Кылмыштуулук менен инфляция жашоо образыбызды бузуп бара жатат", — деп айтылган анын кайрылуусунда.
Америкалык ЖМКларга Трампка бир нече жыл мурда порноактриса Сторми Дэниэлске алардын мамилеси туурасында коомчулукка айтпашы үчүн акча төлөп берген деген айып тагылып жатканы жазылган.
Телеканалдын маалыматына таянсак, күч органдары сот процесси өтүп жаткан Нью-Йорктун борборундагы башаламандыкка даярдык көрүп баштады.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Трамп: Россиянын эмес, АКШнын режимин алмаштыруу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0