Манасчы: кыргыз тилчи тажик улутундагы эжейлер Манасты талашып окутуп жатат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМанас эпосунун басылмалары. Архив
Манас эпосунун басылмалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Жазылуу
Өлкөдө улуттук идеологияга, анын ичинде Манаска өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Нарк, салт билген кыргыздын кийинки муунун улуу эпостун ыргагында тарбиялоо үчүн натыйжалуу иштер жасала баштаган. Быйыл Баткенден Касымбек аттуу кичине манасчы да чыкты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде "Манас таануу" интеллектуалдык программасынын уюштуруучусу Нурбек Талантбеков жана жаш манасчы Касымбек Муратбек уулу болду. Биз жасалып жаткан иштер жана "Манас таануу" интеллектуалдык программасынын абалын кеп кылдык.
© Sputnik / Асель Сыдыкова"Манас таануу" интеллектуалдык программасынын уюштуруучусу Нурбек Талантбеков
Манасчи, член ОО Койкашка Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
"Манас таануу" интеллектуалдык программасынын уюштуруучусу Нурбек Талантбеков
— Манас айтып республиканы кыдырып чыкканыңыздарды билебиз. Кайсы аймактарда болдуңуздар?
Нурбек Талантбеков: — Баткендин Сүлүктү шаарынан жана Лейлек районунан баштаганбыз. Лейлектен тапкан табылгабыздын бири — ушул Касымбек деген жаш манасчы болду. Манас айтуу жана таануу боюнча борборду кошпогондо 44 район, 32 шаарды кыдырып, иш-чара Бишкекте жыйынтыкталды. Былтыр манас айтууга "25 миңге жакын бала катышты" деп сүйүнүп келсек, манас таануу боюнча расмий билим берүү бөлүмдөрү тарабынан катышкандардын саны 33 200 окуучу болду. Баары манас таанууда күч сынашты. Экинчиден, манасчы Салимбай Турсунбаевдин жаркын элесине арнап быйыл манасчылардын сынагын киргизгенбиз. Негизинен мурда манасчылар тарыхында мындай сынакка эң көп катышканы 150 бала болчу. Быйыл ар бир райондон 150 баладан чыгып жатты. Бул ирет чет тилдеринде да манас айтуу кошулду. Манас академиясы англис жана башка тилдерде эпос айтууну келечектеги планына киргизген. Башка мамлекеттерден манас айтуучуларды чакырып, дүйнөлүк деңгээлге чыгаруунун камын баштадык. Бирин-экин байланыштарды топтоп, Түркия, Америка, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн чыккан манасчыларды даярдап келгенбиз. Арабызда өзүбүздүн мигранттар да бар. Баткендин Үч-Коргон айылынын 90 пайыздан ашыгы башка улуттун өкүлдөрү. Бирок ошол айылдагы тажиктер кыргыздашып, манаска кызыгып, Навои мектебинде иштеген кыргыз тилчи тажик улутундагы эжелердин баары Манасты талашып окутуп жатканын көрдүк. Алардын окуучулары район боюнча жогорку упай алып, манас айтуусу да өзгөчө болду. Ала-Бука, Кара-Суу, Өзгөндөгү өзбектер кыргыздашып, манасты бизден мыкты билет. Саякбайдын академиялык 1,5 миллион сөз вариантындагы окуяны анча-мынча манасчыдан, илимпоздордон мыкты айтышат. Эми алар районду, облусту жеңсе борборго келишет. Бул чоң долбоор. Касымбек да манасчы катары биз менен Кыргызстандын аймагын кыдырып манас айтты. Буга чейин Баткендин тарыхында манасчы чыккан эмес. Андан тышкары, Чүйдү кыдырганда дунган, орус улутундагы балдар да манас айтып долбоорго катышты. Республикадан жеңгендерди касиеттүү Манас атабыз төрөлгөн Алтай жергесине алып баралы деп жатабыз. Мурда Билим берүү министрлиги тарабынан манас айтууга үч миллион сом бөлүнсө, быйыл анын үстүнө дагы эки миллион сом бөлүп чоң стимул болуп жатат. Кийинки жылдары сынактан жеңген балдарды Манастын 40 чоросунун мекени Африка, Түркмөнстан, Англия өңдүү өлкөлөрүнө алып барууну пландап жатабыз. Мамлекеттик башкаруунун эртеңине манас менен сугарылган улан-кыздар барса, келечеги кең, төгөрөгү төп болот деген оюбуз бар.
— Касымбек, кандай болуп манас айтып калдың?
Касымбек Муратбек уулу: — Манас айтып баштаганыма он айлык бөбөгүм себепчи болду. Ага айтып берип жатып эле кызыгып кеттим. Азыр эпостун башка окуяларын да жаттап жатам. Түшүмдө бир бейтааныш адам "сен моминтип манас айт" деп көрсөтүп берди. Кийин Нурбек агайдын номерин таап, мени алып кетүүсүн сурандым.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖаш манасчы Касымбек Муратбек уулу
Юный манасчи Касымбек Муратбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Жаш манасчы Касымбек Муратбек уулу
— Кыргызстанды кыдырып жүрүптүрсүңөр, кимдерге жолуктуң, кандай окуялар болду?
К.М.: — Ооба, Кыргызстан Лейлектен башталат. Өзүм Лейлекте жашайм. Нарын, Ысык-Көлдүн кооздугу, Тогуз-Торонун бозосу, Чаткалдын кары, Ат-Башынын суугу жакты. Манасчыларга, Рыспай Исаковго жолуктум. Учурда алардан манас үйрөнүп жүрөм.
— Нурбек, Касымбекти өлкөнү кыдырууга кандайча кошуп алдыңыздар?
Н.Т.: — Атасы мектепте дене тарбия мугалими экен. Касымбектин мага жазган билдирүүсүн окуп, жүүнү тирүү, идиреги бар бала экенин байкап атасынан сурадым. Ал киши да абдан улутту сүйгөн, нарк билген, салт билген, Манаска кызыккан киши болгондуктан "мектеби уруксат берсе жиберем, кызыгуусу болсо баламдын ындыны өчпөсүн" деди. Өзү жөнөкөй мугалим болсо да Лейлекте өткөн манасчылардын сынагында, жарыштын байге фондун көтөрүп берүү сунушун айтты. Борборго келгени башкы прокурор, мамлекеттик катчы өзүлөрү кабыл алып Касымбектин манасын угуп, батасын беришти. Келечекте чоң манасчылардын көчүн улаган манасчы болоруна үмүтүбүз бар. Бир жумадан бери шаарда шакирт кылып ээрчитип жүрөм.
Манасчылык өнөрдү алгыр куштай таптап, сындуу алып жүрүү керек. Касымбекти дагы бир жылдай таптасак буюрса чоң жыйынтык болот деген үмүттөбүз. Буга чейин жүздөгөн бөбөктөр манас айтып баштаган, бирок айрым ата-энелер материалдык максат көздөгөндүктөн балдары уланта алган эмес. Азыр манас айткан балдардын базасын түздүк. Алар менен байланышып, аралыктан окутууну колго алып жатабыз.
— Учурда чет тилдерде да манас айтууну колдоп жатыпсыздар?
— Манастын окуяларынан 10-15 мүнөттүк оюн коюу сынагын өткөнбүз. Манас айтуу сынагында канчалык узак жана ар кай тилдерде көп айта алса жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору. Манас академиясынын дагы бир максаты — чет жакка барганда дүйнөлүк тилде жеткиликтүү, музыкасын келиштире жазып, мыкты спектаклдерди коюу. Орус тилине караганда англис тилинде манас айтуу кыргызчадай эле угулат. Үндүн ыргагы, деми да коошот. Басымды туура койсо мыкты айтылат. Манастагы идеология, биримдик, ынтымак, улуулук өңдүү жалпы адамзаттык философияны камтыган үч мүнөттүк окуяларды мыкты ийлеп туруп кыргызча, англисче, немисче айттырсак. Биз да нарктуулукка, салттуулукка баш ийебиз. Бирок мурункудай жети күн, жети түн манас айтууну эл түшүнбөйт. Заман талабына жараша карапайым элдин, жаштардын кызыгуусун буруп, мээсине эпостун маңызы тууралуу түшүнүк берүү керек. Келечекте жалпы республикалык тестирлөөдөй манас боюнча да сынак өтөт. Айрым улуттар өзүнүн тарыхын таба албай жатканда Манас — миллион жылдык тарыхы бар улуу баян. Бул эпос тышкы дипломатияга да пайдасын берип, грант тарта алат. Мамлекеттик кызматкерлерден Манасты билүүгө муктаждык түзүлөт. Манасчылардын деңгээли да заман талабына жараша технологиялык, психологиялык, илимий, адабий жактан мыкты болушу керек.
— Манасчылык, манас таануу жаатында сынак качан жыйынтыкталат?
— Апрель айында өлкөнү толук кыдырабыз. 6000ге жакын баланын ичинен 2000 бала манас таануу, ал эми айтуу боюнча 300 бала тандалып облустук сынакка келет. Андан манас таануучулукка мыкты делген 300үн, айтуучулукка 100 баланы тандап майдын аягында Бишкекке алып келебиз. Март айынан баштап бала бакчалардын арасында да сынак болду. Окуучулар менен бакчадагы манасчы балдарды музейлерге, театрга, киного алып барып, толук кандуу кыргыз дүйнөсүндө, маданиятында кыргыздын улуу дүйнөсүнө алып келип сүңгүтүп, аймактардан келген балдарга дем берсек. Айтор, ички дүйнөсүндөгү бугун чыгарып, байгесин коюп, шартын жасап, бактылуу балалыгындагы көз ирмемдерди калтырсак. Кыргыз экенин таанытуу максаты бар.
Кыргыз эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Табылды Актанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
Тыныбек манасчынын эл билбеген өнөрү, касиети. Небереси Табылды Актанов менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0