22-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрүктүн гүлдөшү. Архивдик сүрөт
Өрүктүн гүлдөшү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Жазылуу
22-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. 22-март, шаршембиде, күндүн экинчи жарымында айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас аймагында +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл өрөөнүндө +10...+15, Нарында +6...+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +14...+16 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +18...+20 градуска жетет.
Чүй облусундагы гүл талаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Бир жумага карата Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0