Бишкектин бир бөлүгү 22-мартта жарыксыз калат. График

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЭлектр автоматтары. Архив
Электр автоматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Жазылуу
Энергетиктер бул күнү жабдууларды оңдоп, бактарды бутайт.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Борбор калаанын кээ бир аймактарында 22-март күнү жарык өчөт. Бул тууралуу “Бишкек электр тармактары” ишканасы кабарлады.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
9:00-17:00 — Төмөнкү Ала-Арча (Кыргыз, Коллекторная, Панфилов, Чагай көчөлөрү жана Совет кууш көчөсү) айылынын бир бөлүгү, Ак-Өргө (Ак-Шоокум, Огуз-Ата, Күн-Көчө, Чамгаран, Жолон, Боз-Салкын, Саадак, Кербен, Ай-Көчө, Т.Фрунзе көчөлөрү) конушунун бир бөлүгү, Манас проспектисиндеги №7 үйдө;
9:30-17:00 — Кара-Жыгач (Дордой, Кара-Жыгач, Сары-Жаз көчөлөрү) конушу, Ак-Босого (Профессор Зима, Архитекторская, Чүй-22, Чүй-23, Чүй-29дан Чүй-36га чейин) конушу, 8-кичи райондогу №30 үй;
9:30-17:30 — Огонбаев, Западный, Курманжан датка, Гражданский, Ереван, Таллинск, Саратов, Киров, Абдумомунов, Алма-Ата көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
12.00-17.30 — 8-март, Аул, Елебесов көчөлөрүнүн бөлүктөрү.
Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Кыргызстанда арзан электр энергиясынын лимитин эки эсе көтөрүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0