Таластын борбордук аянтына Айкөл Манастын айкели орнотулду. Видео

© Видео / пресс-служба полномочного представительства президента в Таласской областиТалас облусунун борбордук аянтына Айкөл Манастын айкели орнотулду
Талас облусунун борбордук аянтына Айкөл Манастын айкели орнотулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Жазылуу
Эстеликти ишкерлер белек кылганы белгилүү болду.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Талас облусунун борбордук аянтына Айкөл Манастын айкели орнотулду. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Айкелдин бийиктиги 12 метр (эстеликтин өзү – 6, постамент 6 метр) экени маалымдалды. Анын ачылышы бүгүн Нооруз майрамынын алкагында болгон. Эстеликти ишкерлер белек кылган.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов катышкан.
Майрамдык салтанатта Кыргыз улуттук “Манас” театрынын атайын концерттик программасы тартууланды. Андан соң улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү менен уланып, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн концерттик программасы коштолгон.
Церемония открытия памятника Герою КР Исхаку Раззакову в Раззакове - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Баткенде Исхак Раззаковго айкел тургузулду
Жаңылыктар түрмөгү
0