23-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүГүлдөп жаткан өрүк. Архив
Гүлдөп жаткан өрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Жазылуу
23-мартка караган түнү Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир аймактарда туман түшөт.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Ысык-Көл өрөөнүндө жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас өрөөнүндө +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жергесинде +10...+15, ал эми Нарында +8...+13 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ошто +21...+23 градусту көрсөтөт.
Бишкекте өрүк гүлдөө учурунда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
32 градуска чейин ысыйт. Апрелге карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0