Вице-спикер баланын психикасын бузган көрсөтүүлөргө тыюу салууну демилгеледи

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон кармап турган кыз. Архив
Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Жазылуу
Документте балдардын өзүнө-өзү кол салуусуна, чылым чегип, ичимдик ичүүсүнө түрткү берген жана сексуалдык мамилени пропагандалаган маалыматтарга тыюу салуу каралган.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Вице-спикер Жамиля Исаева балдарга залал келтире турган кинолорду жана маалыматтарды таратууга чектөө киргизүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Аталган документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Джамиля Исаева
Депутат Жогорку Кенеша Джамиля Исаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Депутат Жогорку Кенеша Джамиля Исаева
Мыйзам долбоорунда балдарды жана өспүрүмдөрдү ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан коргоо боюнча мамлекеттик башкаруу, бизнес жана жарандык коомдун деңгээлинде аныктамалар жана механизмдер киргизилүүдө. Демилгени кабыл алуу менен балдарды коргоо, алардын маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча натыйжалуу система түзүлөрү белгиленген.
"Укуктук чаралардын максаты — балдардын өнүгүү деңгээлине байланыштуу азырынча даяр эмес болгон чоңдор дүйнөсүнүн таасиринен коргоо. Ошондой эле алардын акырындык менен жетилип, чоңоюшу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү болуп эсептелет. Бул чаралар жашы жете электерди "сексуалдык жактан ачык" телевизиондук продукциялардын таасиринен коргоо үчүн иштелип чыкты", — деп жазылган маалыматтык негиздемеде.
Балдардын ден соолугуна же өнүгүшүнө зыян келтирүүчү маалыматты тараткан жеке жактарга 2000, юридикалык жактарга 10 миң сом айып пул салынат. Ал эми андай иштерди ЖМКларды же интернет тармагын колдонуу менен жасаса 5000 жана 25 миң сомдук айыпка жыгылат.
Балдардын ден соолугуна же өнүгүшүнө зыян келтирүүчү, аларга таратууга тыюу салынган маалыматка төмөнкүлөр кирет:
Балдардын өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирүүчү, өзүн-өзү өлтүрүүгө алып келүүчү иш-аракеттерди жасаганга түрткү берген;
Балдардын баӊгизатты, психотроптук же маӊ заттарды, чылым, алкоголь, спирт кошулган продукцияны, сыра жана анын негизинде жасалуучу суусундуктарды колдонуу, кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик менен алектенүү каалоосун пайда кылган;
Зомбулукка же мыкаачылыкка жол берүүнү негиздеген же актаган, же болбосо ушул мыйзамда каралган учурлардан тышкары адамдарга же жаныбарларга зомбулук жасаганга түрткү берген;
Салттан тышкаркы сексуалдык мамилени пропагандалаган үй-бүлө баалуулуктарын жокко чыгарган жана ата-энеге же башка үй-бүлө мүчөлөрүн урматтабоону калыптандырган;
мыйзамсыз жүрүм-турумду актаган;
уят сөздөрдү камтыган;
порнографиялык мүнөздөгү маалыматты камтыган.
Жашы жете элек балдарга таратууга чектөө коюлган маалыматка төмөнкү маалымат кирет:
балдардын кооптонуу, коркуу же дүрбөлөң сезимин жараткан мыкаачылык, дене бой жана психикалык зомбулукту, кылмыш же башка коомго каршы аракеттерди сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилген. Анын ичинде зомбулуксуз өлүм, оору, өзүн-өзү өлтүрүү, күтүүсүз кырсык, жол кырсыгы же катастрофа жана анын кесепеттери сыяктуу адамдын кадыр-баркын кемсинтүү формасында көрсөтүү;
Эркек менен аялдын ортосундагы жыныстык мамилени сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилген;
Уят сөздөргө кирбеген тилдеген сөздөрдү камтыган.
Жашы жете элек балдардын дене бой, интеллектуалдык, руханий өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон маалымат продукциясы техникалык жактан чектелүүгө тийиш.
Маалымат продукциясынын белгиси кадрдын бурчунда көрсөтүлөт. Анын көлөмү экрандын же афиша, билеттердин беш пайызынан кем эмес болушу шарт;
Балдардын көрүүсүнө чектөө коюлган маалымат продукциясын көрсөтүүдө жана таратууда кошумча талаптар киргизилет.
Аскерге чакырылуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
Аскердик кызмат жана келишимдин мөөнөтүн узартуу демилгеси биринчи окуудан өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0