Жети-Өгүздө мас айдоочу жүргүнчү салып жаткан унааны сүзүп, 2 адам каза болду

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Жазылуу
Ичип алып рулга отурган адамдын 24 жашта экени айтылды.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында аялдамадан адам алып жаткан унааны каршы тилкеден келе жаткан машина сүзүп, эки адам каза болду. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 21-мартка караган түнү болжол менен саат 01:30да Кичи-Жаргылчак айылынын 32 жаштагы тургуну З. А. жана 30 жаштагы келинчеги И. Э. аялдамада Каракол шаарына кетүүгө жол тосуп турган. Audi B4 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу А. Ы. аларды көрүп токтогон. Жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда каршы тилкеден келген Volkswagen Golf-4 унаасы бет маңдайынан сүзгөн. Ал машинаны Чоң-Жаргылчак айылынын 24 жаштагы К.К. аттуу тургуну мас абалында башкарып келе жаткан.
"Кырсыктын кесепетинен Audi B4 автоунаасынын айдоочусу менен унаага отуруп жаткан 30 жаштагы келин мүрт кеткен. Ал эми күйөөсү жана 24 жаштагы дагы бир жүргүнчү, Volkswagen Golf-4 машинасынын айдоочусу ар кандай жаракаты менен райондук ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 4-бөлүмү ("Автоунаа башкарууда коопсуздук эрежелерин бузуп, мас абалында өзгөчө оор залал келтирген жосундар") менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жолдун бойунда турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Чүй: эки баланы койдуруп кеткен учурдун видеосу. Айдоочу 6 күндөн соң кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0