Мишустин ЕАЭБ ичинде улуттук акчанын колдонулушу боюнча айтып берди

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүФтин премьер-министри Михаил Мишустин. Архив
Фтин премьер-министри Михаил Мишустин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Жазылуу
Январь айынын соңунда Россиянын президенти Владимир Путин министрлер кабинетине 2023-жылы КМШ баштаган бир топ бирикменин алкагында бир канча өлкөлөр менен улуттук валютада жүргүзүлгөн соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүүгө тапшырма берген.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россия ЕАЭБде өнөктөш өлкөлөр менен улуттук валютаны колдонуучу ыкмаларды кеңейтүү жаатында макулдашты, былтыр бул жааттагы үлүш 85 пайызды түздү. Бул тууралуу РФтин премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.
"Товар алмашууну мындан ары өстүрүп, кеңейтүү үчүн бирикменин ичинде көз каранды болбогон, финансылык эркин системаны өнүктүрөбүз. Улуттук валюталарды колдонуучу ыкмаларды кеңейтүү жаатында макулдаштык. Өткөн жылы товар түрүндө эле алганда анын үлүшү 85 пайызды түздү. Бул түрдөгү эсеп-кысап жүргүзүү иштерин өстүрүүнү ойлонуштуруп жатабыз", — деди Мишустин Мамдумага өкмөттүн 2022-жылдагы отчётун берип жатып.
Январь айынын соңунда Россиянын президенти Владимир Путин министрлер кабинетине 2023-жылы КМШ, Азия, Африка, Латын Америкасынын өлкөлөрү менен улуттук валютада жүргүзүлгөн соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүүгө тапшырма берген.
ЕАЭБдин эмблемасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Мишустин ЕАЭБ кимдер менен кызматташууну кеңейтиши керектигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0