Өсүмдүк зыянкечтери менен күрөшүүгө 282,5 тонна пестицид алып келинди

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүТалаа иштери. Архив
Талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023
Жазылуу
Бул өсүмдүк зыянкечтери, оорулары, отоо чөптөр үчүн республика боюнча керектелчү пестициддин 46 пайызын түзөт.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Айыл чарба министрлигинен маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 24-мартына карата өлкөгө 282,5 тонна пестицид ташылып келди. Бул өсүмдүк зыянкечтер, оору, отоо чөптөр үчүн республика боюнча керектелчү пестициддердин 46 пайызын түзөт.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөш уланып жатканы айтылды.
Анын ичинен:
үрөн ууландыргычтар — 29,9 тонна (камсыздоо – 55 %);
гербициддер — 126,5 тонна (камсыздоо – 40 %);
инсектициддер — 87,4 тонна (камсыздоо – 46 %);
фунгициддер — 38,7 тонна (камсыздоо – 69 %).
Адам жер семирткичтер менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
Министрлик: жер семирткичтер быйыл 20-25%га арзан болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0