Кыргызстан төлөй турган карыздын суммасы көбөйө баштады. Статистика

© Sputnik / Жоомарт УраимовБеш миң сомдук купюраны лупа аркылуу көрүүгө болот. Иллюстративдик сүрөт
Беш миң сомдук купюраны лупа аркылуу көрүүгө болот. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023
Жазылуу
Ачык маалыматтарга ылайык, быйыл карызга берилчү каражаттын суммасы рекорддук көрсөткүчкө жетет.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айында Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 4 миллиард 129,2 миллион сом жумшады. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Аталган каражаттын 2,5 миллиард сому сырткы карызды, 1,6 миллиарды ички бересени төлөөгө сарпталган.
Былтыркы жылдын алгачкы эки айында мындай багытка 3,5 миллиард сом которулган болчу.
Жалпысынан быйыл мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн 48 миллиард 625,4 миллион сом бөлүү пландалууда.
Финансы министрлигинин сайтындагы ачык маалыматтарга ылайык, бул 2005-жылдан берки рекорддук сумма. Салыштыруу үчүн айтсак, 2022-жылы карызды төлөөгө 33,6 миллиард сом коротулган эле.
2023-жылдын январь айындагы статистика боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 5 миллиард 631 миллион долларга жетти. Анын ичинен 4,5 миллиарды чет өлкөлүк донорлордон алынган акча.
Эсептөө машинадагы АКШ доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
Февралда Улуттук банк 122,9 млн. доллар сатты. Анын резервге таасири
Жаңылыктар түрмөгү
0