Декларация тапшырууга бир жума калды. Салык кызматынын эскертүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасында Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу. Архив
Кыргыз Республикасында Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023
Жазылуу
Өз убагында декларация толтурбаган жарандарга административдик айып пул салынат.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, юридикалык жактарда иштеген кызматкерлердин салык декларациясын тапшырууга бир жума калды. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти.
Белгилей кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын тапшырышы шарт.
Ал эми 1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.
Өз убагында бербеген жеке жактарга 1000 сом, юридикалык тараптарга 5000 сом жана мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларга 3000 сом өлчөмүндө айып салынары белгиленди.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Чек талап кылып байге утуп ал! лотереясынын байгелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
10 батир. "Чек талап кылып байге утуп ал!" лотереясынын байге фонду жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0