АКШнын мурдагы мамкатчысы экинчи кансыз согуш катуу болорун айтууда

© AP Photo / FRANK WIESEАКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер. Архивдик сүрөт
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Жазылуу
Америкалык мурдагы аткаминер тиреш Кытай менен АКШнын ортосунда дагы болушу ыктымалдыгын айткан.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Экинчи кансыз согуш биринчисине караганда кооптуураак болорун АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ооба", — деп жооп берген ал испаниялык Mundo басылмасына маек берип жатканда эгер экинчи кансыз согуш чыкса, биринчисине караганда экинчиси катуу болобу деген маанайда узатылган соболго.
Мурдагы мамкатчы кансыз согуш Кытай менен АКШнын ортосунда чыгышы ыктымалдыгын айткан.
Киссинжер эки өлкөнүн тең экономикалык ресурстары теңтайлашып турганын, ал эми биринчи кансыз согуш учурунда андай болбогондугун белгиледи. Анын пикиринде, Пекин менен Вашингтон азыр каршылашып турган тараптар жана "Кытайдын батышташарын күтүп" кереги жок.
Буга чейин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Киссинжер менен жолукканда Кытай менен АКШнын ортосундагы "жаңы кансыз согуштун башталышы" бүт дүйнө үчүн кырсык алып келерин айткан. Ал "Вашингтон Кытай боюнча рационалдуу жана прагматикалык саясат жүргүзүүгө кайрылып, Кытай — АКШ биргелешкен үч коммюникени урматтоо боюнча туура багытка кайтып, Кытай — АКШ мамилелеринин саясий негизин сактап калууга тийиш" деп баса белгилеген.
Кытай жетекчилиги өлкө лидери Си Цзиньпин менен АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023
ЖМК: Пекин Байдендин Си Цзиньпин менен сүйлөшүү далалатын колдогон жок
Жаңылыктар түрмөгү
0