Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жаныбекова: биздин максат — сайма өнөрүн кийинки муунга өткөрүп берүү

© Sputnik / Асел Акмат"Илме" көргөзмөсүнүн катышуучусу Айнура Жаныбекова
Илме көргөзмөсүнүн катышуучусу Айнура Жаныбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Жазылуу
"Илме" көргөзмөсүнүн катышуучусу Айнура Жаныбекова жаштар өзгөчө саймаларга көбүрөөк кызыгып жатканын айтты.
Бишкекте 17-марттан тарта "Илме" фестивалы өтүп жатат. Аталган иш-чара 30-мартта жыйынтыктала турганын Айнура Жаныбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жаныбекова: биздин максат — сайма өнөрүн кийинки муунга өткөрүп берүү
Анын айтымында, "Илме" көргөзмөсүнүн негизги максаты — байыртан келе жаткан саймаларды кийинки муунга өткөрүп, баалуулугун сактап калуу.
"Ата-бабаларыбыздан калган сайма бүгүн да актуалдуулугун жоготпой, жаштар ага кызыгып жатат. Биздин көргөзмөнүн эң башкы максаты — бул өнөрдү унутта калтырбай кийинки муунга өткөрүп берүү. Ар бир сайманын өзүнүн мааниси жана баалуулугу бар экенин көргөзмөгө келгендерге түшүндүрүүгө аракеттенип жатабыз. Байкаганым боюнча, аталган иш-чарага көбүрөөк жаштар кызыгып жатат. Каалоочулардын баарын 30-мартка чейин Семён Чуйков атындагы арт-галереяда (Эмен паркы) күтөбүз. Келип керамикадан жасалган эмгектерге жана автордук саймаларга күбө болуп кетсеңиздер болот. Саймалардын баалуулугун жоготпошубуз керек", — деди Жаныбекова.
Ал көргөзмөгө келгендердин көбү туш кийиз жана саймаларды көрүп бала чагын эстеп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0