Жаанчыл болобу? Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨспүрүм Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы паркта бара жатат
Өспүрүм Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы паркта бара жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Жазылуу
Апта ичинде жума күнү гана жамгыр жаабаса, калган күндөрү асман ачык болот.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Чүй облусу

Синоптиктер 26-30-март күндөрү облуста күн ачык болорун айтууда. Ал эми 31-мартта күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолорго кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде жаан-чачын болбойт.
Бишкек шаарында дагы ушундай эле аба ырайы күтүлөт.

Талас облусу

26-30-март күндөрү жаан-чачын жаабайт. 31-мартта күндүз айрым жерлерде өткүн өтөт, бирок кайра 1-апрелде күн ачылат.

Ош жана Жалал-Абад облустары

26-марттан 30уна чейин жамгыр жаабайт. 31-мартта күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолорго кар жаайт. Кайра 1-апрелде күндүн көзү ачылат.

Баткен облусу

26-29-мартта жаан-чачын күтүлбөйт, бирок 30-31-мартта айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолорго кар түшөт. 1-апрелде жаан басылат.

Ысык-Көл облусу

Синоптиктер облуста аптанын башынан аягына чейин жаан жаабай, асман ачык болорун билдирди. Дыйканчылык аймактарда абанын күндүзгү температурасы 18 градуска дейре көтөрүлөт.

Нарын облусу

26-30-март күндөрү күн ачык болот, бирок 31-мартта кээ бир аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 1-апрелде кайрадан күн ачылат.
Дүйнөдө №1 блогер болгум келет. TikTok жылдызы Арген Sigma менен маек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023
Дүйнөдө №1 блогер болгум келет. TikTok жылдызы Арген Sigma менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0